Менин сүйүктүү диним - 2

Жаш окурмандарга арналган бул китептин биринчи бөлүмүндө Ислам динибиздеги ибадат, мусулмандын милдети жана жоопкерчилиги, тазалык, даарат, гусул, таямумм, намаз тууралуу баштапкы зарыл маалыматтар камтылган болсо, колуңуздардагы китептин экинчи бөлүмүндө ыйык рамазан айы жана орозо ибадаты, зекет берүү, ажылыка баруу, курмандык чалуу тууралуу баштапкы зарыл болгон маалыматтарды камтуу менен бирге Ислам динибиздин беш шартын жаш окурмандарыбызга жеткиликтүү түшүндүрүп берүүгө аракет кылдык. Маалыматтар бөлүмдөргө бөлүнүп ыңгайлаштырылып берилди жана кызыктуу икаялар, аңгемелер, сүрөттөр китептин өзгөчөлүгүн арттырат. Китептеги маалыматтардан жаш окурмандардын эффективдүү билим алышы үчүн (тест) суроо - жооп бөлүмдөрү түзүлгөн.


Read In Other Languages

BASHKIR
CHINESE
GEORGIAN
GERMAN
LITHUANIAN
PERSIAN
POLISH
RUSSIAN
TAJIK