Аалам, Инсан Жана Куранда Тафаккур
Акыл-эстин инсандагы жана ааламдагы акыйкаттарды күзгү сымал чагылдырып берген Кураны Карим жөнүндө тафаккур кылуусу – жер астынан казылып алынган чийки заттарга окшош. Мына ушул чийки заттарды иштетип, колдонууга ыңгайлаштырган нерсе жүрөк болуп эсептелет.
Жүрөк – тахассустун, башкача айтканда сезимдердин борбору. Кадакчынын сынган кумуранын бөлүкчөлөрүн топтоп аны кураштырып кайра бүтүн абалга салган сыяктуу эле жүрөк да акыл-эс тарабынан кабыл алынган маалыматтарды топтоп, анализдейт жана акыйкатты толук түрдө түшүнүү мүмкүнчүлүгүн жаратат.
Демек, акыйкатка жана жакшылыкка жетүүнүн эң туура жолу – акыл-эсти вахий менен тарбиялоо. Башка органдар сыяктуу эле акыл эстин да кудурети чектүү болгондуктан акыл-эстин күчү жетпеген маселелерде ыйман нуру менен толгон жүрөктү ишке салуу керек.